Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-03-07
(3222) 5-52-18
Меню
» » Кыргыз Республикасынын коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди

Кыргыз Республикасынын коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди

27 март 2025, Четверг
41
0
Кыргыз Республикасынын коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди
Ош Шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Ош аймактык комитетинин өкүлү коммуналдык чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев өз сөзүндө көптөгөн кесип ээлеринин ичинен коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиби өзгөчө экендиги, алардын майрамына өзгөчө көңүл буруу жана жакындан көмөк көрсөтүү менен шаардагы ийгиликтердин жана жетишкендиктердин башаты дал ушул кызматкерлер деди. 
Ошондой эле алардын талыкпаган баалуу эмгектин арты менен Ош шаарын гүлдөгөн жашыл шаар, көчөлөрү жарык, таза шаар, элдин социалдык муктаждыктарына кам көргөн жылуулук, таза суу көйгөйлөрү чечилген шаарга айлантууда коммуналдык чарба кызматкерлеринин ролу чоң экендигин баса белгиледи жана алардын үй-бүлөсүнө тынчтык, өздөрүнө бекем ден соолук каалап, Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды.
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)