Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өттү.

Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өттү.

20 декабрь 2024, Пятница
53
0

Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай

маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму

өттү.


Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы 2024-жылдын 20-декабрь күнү өз отурумун өткөрдү. Отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы К.И.Шайиев алып барды. 

Отурумга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн аткарууга тиешелүү Ош финансы, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, Ош шаары жана Түштүк аймактар боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын,   «Жапалак унаа базары» жана «Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы» муниципалдык ишканаларынын жетекчилери катышты. Чакырылган жетекчилер депутаттардын 2025-жылда,  алар тарабынан аткарылуучу жумуштары боюнча берилген суроолоруна жооп беришти.   

Ошондой эле күн тартибиндеги туруктуу депутаттык комиссиянын 2025-жылдагы      иш-планы отурумда жактырылып, сессиянын кароосуна сунушталды. 

Жыйынтыгында каралган маселе боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын тиешелүү чечими кабыл алынды. 



Пикир калтыруу
Пикирлер (0)