Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу Ош шаарынын тургундары !

Урматтуу Ош шаарынын тургундары !

12 март 2025, Среда
8
0

Урматтуу Ош шаарынын тургундары !


Административдик аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунун айрым аймактары Ош шаарына кошулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Граждандык Кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 45-беренелеринин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин негизинде, Ош шаарынын мэриясы жана анын түзүмү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаардык Кеңешинин кароосуна “Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” №212 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү маселеси сунушталууда.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык жергиликтүү салыктар, жыйымдар жана алар боюнча жеңилдиктер, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкалар жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.

Ошондуктан урматтуу шаардыктар, аталган маселе боюнча сиздерден сын-сунуштарды, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: (03222) 5-57-48














«Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы

Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы

Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” № 212 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү боюнча 

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ



1. Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарын картасын бекитүү” № 212 токтому Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 83 сандуу (жер тилкелерге болгон ижара акысы), 2023-жылдын 14-февралындагы № 116 сандуу (уюлдук байланыш мунарасы боюнча),  2023-жылдын 20-июнундагы № 149 сандуу (карьерлер боюнча) токтомдору менен өзгөртүлгөн.

Бүгүнкү күндө, аталган токтом менен бекитилген коэффициенттерге кайрадан өзгөртүү киргизүү маселеси Ош шаардык Кеңешине сунушталат. 


2. Баяндоо бөлүгү.

Токтомдун долбоорун өзгөртүүнүн себеби болуп, Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө 2024-жылдын 18-июлу               № 128 мыйзамынын негизинде  Ош шаарынын аймагы кеңейтилген (кошулган) аймактардын, борбордук жана ички көчөлөрдүн                                 К1- пайдалангандыгы (багыты) үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдүн коэффиценти жана К2-экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү зарыл.

Бүгүнкү күндө, инфляциянын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, жергиликтүү бюджетти толтуруу,  шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, ошондой эле жыл сайын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына коюлган планды толук кандуу аткаруу максатында, муниципалдык мүлктөрдү ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү үчүн коэффициенттерди өзгөртүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Бул эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, КРнын Жер Кодексинин, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» КРнын мыйзамынын, «Айыл чарба багытындагы жерлерди, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндөгү» КРнын мыйзамынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» КРнын мыйзамынын 27-беренесинин, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» КРнын мыйзамынын, Ош шаарынын мэриясынын 2001-жылдын 14-июнундагы № 587 токтомун эске алып жана ижара мамилелерин аныктоочу башка нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле жер участокторунун ижара акысын эсептеп чыгуу жана ижара келишимдерин бекемдөө тартибин аныктайт.



Ош шаарынын 

мэринин орун басары                                                                        З.Б. Юсупов





































Долбоор


Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр



Бул эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, КРнын Жер Кодексинин, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» КРнын мыйзамынын, «Айыл чарба багытындагы жерлерди, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндөгү» КРнын мыйзамынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» КРнын мыйзамынын 27-беренесинин, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» КРнын мыйзамынын, Ош шаарынын мэриясынын 2001-жылдын 14-июнундагы № 587 токтомун эске алып жана ижара мамилелерин аныктоочу башка нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле жер участокторунун ижара акысын эсептеп чыгуу жана ижара келишимдерин бекемдөө тартибин аныктайт.

Апз = Н х S х К1 х К2 = бир айлык ижара акысы;


Н - Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы;

S - жер тилкесинин аянты, чарчы метр;

К1 - функционалдык багыттардын коэффициенти;

К2 – экономикалык пландаштыруу зонасы;


Функционалдык багыттардын коэффициенти (К1):

- карьерлер: 1 чарчы метрден 10 000 чарчы метрге чейин – 1.

         10 001 чарчы метрден 30 000 чарчы метрге чейин – 0,8.

         30 001 чарчы метрден 60 000 чарчы метрге чейин – 0,6.

         60 001 чарчы метрден жогорусу – 0,4.

- өнөр жай, тоо-кен ишканалары – 3.

- балдар ойноочу аянтчалар – 4.

кампа, кампа ишканалары, көлөкөлөтүүчү навестер (бастырма), футбол жана муз аянтчалары – 5.

- бассейн (камтыган курулуштары жана аянты менен) – 6.

- меймандык (гостевой) автоунаа токтоочу жайлар аянтына жараша (таблица 1):


Таблица № 1


Ээлеген аянтына

50 чарчы метрге чейин

51 чарчы метрден тартып, 100 чарчы метрге чейин

101 чарчы метрден жогорусу

Коэффициент

10

8

6

- убактылуу тосмолор, убактылуу автоунаа токтоочу жайлар, кичи ишканалар – 10.

- соода навестер – 12.

- чач тарачкана, бут кийим оңдоочу түйүндөр 14.

- кичи, чоон базарлар  15.

- тепкич (лестница) - 20.

- Соода түйүндөр, коомдук тамак-аш, автосервис түйүндөрү, унаа оңдоочу жайлар, май куючу жайлар (автозаправка),  унаа жуучу жайлар, мейманканалар, конок үйлөрү, офистер, соода сатык комплекстери, компьютердик класстар, кайра жасалган квартиралар, сулуулук салон, бизнес борборлор, байланыш түйүндөрү, даарыканалар жана жеке кызмат көрсөтүүчү жайлар, газета сатуу түйүндөр, киоскалар, ларектор, турмуш тиричилик жактан тейлөө, процедурный каналар, кийим тигүүчү жайлар (реставрация) - аянтына жараша (таблица № 2):

Таблица № 2


Ээлеген аянтына


100 чарчы метрге чейин

101 чарчы метрден 200 чарчы метрге чейин


201 чарчы метрден жогорусу

Коэффициент

30

26

24

Эгерде 101 чарчы метрден ашкан объектилер 2 ден ашык бөлүктөргө (соода жайларына) бөлүнгөн болсо 30 коэффициенти колдонулат.

- Ош шаарынын аймагындагы кичи жана чоон базарлардын айланасында же эл көп жайгашкан жерлерде убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлер, жайгашкан зонасына карабастан 1 зона менен эсептелинсин же бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси айына 300 сомдон же кем эмес болсун;

- Банктар, ломбарддар, акча алмаштыруучу жайлар, казино, аттракциондор жана карусельдер  бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси айына 300 сомдон кем эмес болсун;

- Газ куючу жайлар ар бир чарчы метрине – 500 сомдон кем эмес болсун;

- Уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акы 18000 сомдон кем эмес болсун;


- Терминалдар жана таза суу аппараттары жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акы 2500 сомдон кем эмес болсун;

- Банкоматтар жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акы 6000 сомдон кем эмес болсун;

Электр унааларды заряддагыч түйүндөрү (аппарат) жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акы 5000 сомдон кем эмес болсун;

Ошондой эле сезондук соода-сатыктардын төмөндөгүдөй таблицалык формасы бекитилсин. Эгерде жайгашкан жери бардык талаптарга жооп берген болсо бир айдан алты айга чейин сезондук мөөнөттө келишим түзүлсүн - (таблица № 3):

Таблица № 3

Сооданын аталышы

Ижара келишиминин мөөнөтү

Ижара акысынын суммасы (сом)

1

Дүкөндүн алдына чыгарылган муздаткычтар

1 ай 1 даанасы

1000

1 ай 2 даанасы

1500

1 ай 3 даанасы

2000

1 ай 

4 даанадан көп болсо даанасы

500

2

Велосипедтер, сокку автоматы (удар, силомер), электр самакаттар, электр мотобилдер

1 ай 

1500

3

Балдар ойноочу унаа

1 ай 1 даанасы

2000

4

Суусундуктар (Шоро, чалап, шербет ж.б)

1 ай 

2000

5

Промостойка (сим карта сатуучу стол)

1 ай 1 даанасы

2500

6

Дарбыз, коон, жашылча-жемиштер, гүл сатуу

1 ай 10 чарчы метрге чейин

3500

7

Балмуздак, коктейл, газ суу аппараттары, көчмө тез татым ж.б, гриль, тандыр, шашлык бышыруучу мангал жана башка сезондук көчөгө коюлуучу соода точкалары 

1 ай 

4000

8

Паравоз (балдар ойночу)

1 ай

6000

К2 зоналар боюнча ижара акынын нормативдик ставкасы:

1-зона үчүн-2,8

2-зона үчүн-2,4

3-зона үчүн-2,0

4-зона үчүн-1,8

5-зона үчүн-1,4

6-зона үчүн-1,2

7-зона үчүн-0,9

Эгерде К1 коэффициенти айрым обьектилер боюнча жогоруда көрсөтүлбөсө, курулуш курулбаса же курулуп бирок иштелбей турса, К1 коэффициентине 2 коэффициентин колдонууга жол берилет. Бул учурда иштебегендиги жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын аймактык башкармалыктарынын кат түрүндөгү катынын же башкармалыктын кызматкерлери тарабынан жеринде көрүп акт түрүндө түзүлөт. 

Убактылуу пайдалануудагы жер тилкенин ижара акыларын эсептөөдө ижарачы менен макулдашуунун негизинде ижара акыларын көтөрүүгө, жол берилет.

Эгер муниципалдык менчик башкармалыгы менен ижара келишим түзүп келген жер тилкеге мурун Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан корутунду же жер тилкесинин планы берилген болсо, жер тилкенин багыты же аянты өзгөрбөсө ижара келишимдин мөөнөтүн узартууда башкармалык архитектуранын корутундуусу жок өз алдынча жок өз алдынча узарта алат.

Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аянтына жараша (таблица № 4):

Таблица № 4

Көрктɵндүрүү жана

жашылдандыруу (S)

50гө

чейин

51

-200

201

-

300

301-

500

501

-1000

1001

-

5000

5001 ден жогору

Ижара акынын нормативдик ставкасы: 

чарчы метр (С)


8


6,0


5,0


4


2,5


1,5


1,0

Апз = (SxC);

Апз - жер тилкеси үчүн айлык ижара акынын өлчөмү;

S - жер тилкесинин аянты;

С - ижара акынын нормативдик ставкасы (сом чарчы метр).




Ош шаарынын 

мэринин орун басары                                                                        З.Б. Юсупов























Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча   эсептөөлөр боюнча салыштырмалуу

Т А Б Л И Ц А

Учурдагысы


Сунушталуучу  

1

Өнөр жай, тоо-кен ишканалары - 2

Өнөр жай, тоо кен ишканалары - 3

2

Кампа ишканалары - 3

Кампа, кампа ишканалары, көлөкөлөтүүчү навестер (бастырма), футбол жана муз аянтчалары - 5

3

Кампа, муз аянтчалары - 4

4

Бассейн (камтыган курулуштары жана аянты менен) - 6

Бассейн (камтыган курулуштары жана аянты менен) - 6

5

Соода навестер, ашкана навестер, бастырмалар - 10 

Соода навестер - 12

6

Кичи ишканалар 500 чарчы метрге чейин, кийим тигүүчү жайлар (реставрация) - 10

Убактылуу тосмолор, убактылуу автоунаа токтоочу жайлар, кичи ишканалар – 10 

7

чач тарачкана, бут кийим оңдоочу түйүндөр -20

чач тарачкана, бут кийим оңдоочу түйүндөр - 14

8

Тепкичтер - 20

Текичтер 20 

9

Кичи-базарлар - 14


Кичи, чоон базарлар  15

10

Соода түйүндөр, коомдук тамак-аш, автосервис түйүндөрү, унаа оңдоочу жайлар, май куючу жайлар (автозаправка),  унаа жуучу жайлар, мейманканалар, конок үйлөрү, офистер, биржалар, соода сатык комплекстери, компьютердик класстар, кайра жасалган квартиралар, сулуулук салон, бизнес борборлор, байланыш түйүндөрү, даарыканалар жана жеке кызмат көрсөтүүчү жайлар, газета сатуу түйүндөр, киоскалар, ларектор, нан сатуучу түйүндөр, турмуш тиричилик жактан тейлөө, процедурный каналар 20 

Соода түйүндөр, коомдук тамак-аш, автосервис түйүндөрү, унаа оңдоочу жайлар, май куючу жайлар (автозаправка),  унаа жуучу жайлар, мейманканалар, конок үйлөрү, офистер, биржалар, соода сатык комплекстери, компьютердик класстар, кайра жасалган квартиралар, сулуулук салон, бизнес борборлор, байланыш түйүндөрү, даарыканалар жана жеке кызмат көрсөтүүчү жайлар, газета сатуу түйүндөр, киоскалар, ларектор, турмуш тиричилик жактан тейлөө, процедурный каналар, кийим тигүүчү жайлар

100 

ч. м чейин 

101-200 ч.м чейин

201 ч. м жогорусу

30 (50%)

26 (30%)

24

(20%)



11

Банктардын банкоматтары жайгашкан жерине карабастан – 5000 сом

Бир айлык сумма 6000 сомдон төлөнсүн

12

Газ куючу жайлар жана электр унааларды зарядтагыч түйүндөрү бир чарчы метрине – 500 сом

Газ куючу жайлар ар бир чарчы метрине -500 сом

13

Ош шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөрдө, борбордук жана кичи базардын айланасында же эл көп жайгашкан жерлерде убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлер, 

аттракциондор жана карусельдер, батуттар, дүкөндүн алдына чыгарып жүргүзүүчү соода жайлары, банктар, ломбарддар, акча алмаштыруучу жайлар, оюн-зоок жайлары, казино, түнкү клубдар, трансформатор, караоки убактылуу аянтчалар бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси айына 200 сомдон кем эмес болсун;


Банктар, ломбарддар, акча алмаштыруучу жайлар, казино, аттракциондор жана карусельдер, Ош шаарынын аймагындагы кичи жана чоон базарлардын айланасында же эл көп жайгашкан жерлерде убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлер, жайгашкан зонасына карабастан 1 зона менен эсептелинсин же бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси айына 300 сомдон 

эсептелсин;


14

Дүкөндүн алдына чыгарган муздаткычтар - 1 айына 1 000 сом

Дүкөндүн алдына чыгарган муздаткычтар  

1 айына 1 даанасы 1 000 сом 

1 айына 2 даанасы 500 сом

1 айына 3 даанасы 2 000 сом

1 айына 4 даанадан көп болсо 500 сом

15

Велосипедтер, сокку автоматы (удар, силомер) электр самокаттар, электр мотобилдер – 1500 сом

Велосипедтер, электр самокаттар, электр мотобилдер – 1 500 сом

16

Балдар ойноочу унаа – 2000 сом

Балдар ойноочу унаа – 2 000 сом

17

Суусундуктар – 2000 сом

Суусундуктар (шоро, чалап, шербет) – 2 000 сом

18

Промо-стойка (сим карта сатуучу стол)  - 2500 сом

Промо-стойка (сим карта сатуучу стол)  - 

2 500 сом

19

Дарбыз, коон, жашылча жемиштер, гүл сатуу – 3 500 сом

Дарбыз, коон, жашылча жемиштер, гүл сатуу – 4 000 сом

20

Балмуздак, коктейль, газ суу аппараттары,, көчмө тез татым гриль, тандыр, шалык 

бышыруучу мангал жана башка сезондук көчөгө коюлуучу соода точкалары (веб касса) 3000 сом

Балмуздак, коктейль, газ суу аппараттары, көчмө тез татым гриль, тандыр, шашлык бышыруучу мангал жана башка сезондук көчөгө коюлуучу соода точкалары - 4 000 сом

21

Паровоз (балдар ойноочу) – 5000 сом

Паровоз (балдар ойноочу) – 6 000 сом

22

Электр унааларды зарядтагыч түйүндөрү - 0

Электр унааларды зарядтагыч түйүндөрү – 5000 сом

23

Уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн – 18000 сом

Уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн - 18000 сом

24

карьерлер: 

1 чарчы метрден 10 000 чарчы     

метрге чейин – 1.

10 001 чарчы метрден 30 000 чарчы 

метрге чейин – 0,8.

          30 001 чарчы метрден 60 000 чарчы 

             метрге чейин – 0,6.

          60 001 чарчы метрден жогорусу – 0,4.


карьерлер: 

1 чарчы метрден 10 000 чарчы     

метрге чейин – 1.

10 001 чарчы метрден 30 000 чарчы 

метрге чейин – 0,8.

          30 001 чарчы метрден 60 000 чарчы 

             метрге чейин – 0,6.

          60 001 чарчы метрден жогорусу – 0,4.











Мисал келтиргенде  (50 чарчы метр соода дүкөндүн бир айлык ижара акысы)

Учурдагысы


                        Сунушталуучу  

Зоналар

Бир айлык ижара акысы

1-жылдык ижара акысы

Зоналар

Бир айлык ижара акысы

1-жылдык ижара акысы

Өсүү пайызы    %

1

2,8

7280

87360

2,8

10920

131040

50

2

2,4

6240

74880

2,4

9360

112320

50

3

2

5200

62400

2,0

7800

93600

50

4

1,8

4680

56160

1,8

7020

84240

50

5

1,4

3640

43680

1,4

5460

65520

50

6

1,2

3120

37440

1,2

4680

56160

50

7

0,9

2340

28080

0,9

3510

42120

50




Мисал келтиргенде  (150 чарчы метр соода дүкөндүн бир айлык ижара акысы)

Учурдагысы


                           Сунушталуучу  

Зоналар

Бир айлык ижара акысы

1-жылдык ижара акысы

Зоналар

Бир айлык ижара акысы

1-жылдык ижара акысы

Өсүү пайызы %

1

2,8

21840

262080

2,8

28392

340704

30

2

2,4

18720

224640

2,4

24336

292032

30

3

2

15600

        187200

2,0

20280

243360

30

4

1,8

14040

168480

1,8

18252

219024

30

5

1,4

10920

131040

1,4

14196

170352

30

6

1,2

9360

112320

1,2

12168

146016

30

7

0,9

7020

84240

0,9

9126

109512

30



Мисал келтиргенде  (220 чарчы метр соода дүкөндүн бир айлык ижара акысы)

Учурдагысы


                        Сунушталуучу  

Зоналар

Бир айлык ижара акысы

1-жылдык ижара акысы

Зоналар

Бир айлык ижара акысы

1-жылдык ижара акысы

Өсүү пайызы   %

1

2,8

32032

384384

2,8

38438,4

461260,8

20

2

2,4

27456

329472

2,4

32947,2

395366,4

20

3

2

22880

274560

2,0

27456

329472

20

4

1,8

20592

247104

1,8

24710,4

296524,8

20

5

1,4

16016

192192

1,4

19219,2

230630,4

20

6

1,2

13728

164736

1,2

16473,6

197683,2

20

7

0,9

10296

123552

0,9

12355,2

148262,4

20



Башкармалыктын

башчынын орун басары                                                      М.Н. Орозалиев

















Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы


1-зона

А. Масалиев кең көчөсү (А. Шакиров көчөсү менен А. Масалиев көчөсүнүн кесилишинен тартып, Ж. Бабараимов көчөсү менен А. Масалиев көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

- В. Ленин көчөсү (С. Вахапова көчөсү менен В. Ленин көчөсүнүн кесилишинен тартып, Касымбеков көчөсү менен В. Ленин көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

- К. Датка көчөсү (А. Сүйүмбаев көчөсү менен В. Ленин көчөсүнүн кесилишинен тартып, Б. Осмонов көчөсү менен К. Датка көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

-  К. Датка менен В. Ленин көчөлөрүнүн аралыгындагы ички көчөлөр.

- А. Шакиров көчөсү (Ташкент көчөсү менен А. Шакиров көчөсүнүн кесилишинен тартып, Ы. Монуев көчөсү менен А. Шакиров көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

- Б. Осмонов көчөсү (К. Датка көчөсү менен Б. Осмонов көчөсүнүн кесилишинен тартып, Көкүм-Бий көчөсү менен Б. Осмонов көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

- Ы. Монуев көчөсү (Ош шаарынын аймагынын башталышынан тартып, Тилеке-Баатыр көчөсү менен Ы. Монуев көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

- Г. Айтиев көчөсү (В. Ленин көчөсү менен Г. Айтиев көчөсүнүн кесилишинен тартып, Б. Осмонов көчөсү менен Г. Айтиев көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

-  А. Абдыкадыров көчөсү (А. Масалиев көчөсү менен А. Абдыкадыров көчөсүнүн кесилишинен тартып, Б. Осмонов көчөсү менен А. Абдыкадыров көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

-  А. Навои көчөсү (Т. Турсунбаева көчөсү менен А. Навои көчөсүнүн кесилишинен тартып, Г. Айтиев көчөсү менен А. Навои көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

- Ж. Раимбеков көчөсү (А. Масалиев көчөсү менен Ж. Раимбеков көчөсүнүн кесилишинен тартып, Кара-Суу көчөсү менен Ж. Раимбеков көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

- Кара-Суу көчөсү (Ж. Раимбеков көчөсү менен Кара-Суу көчөсүнүн кесилишинен тартып, Тилеке-Баатыр көчөсү менен Ы. Монуев көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

- Тилеке-Баатыр көчөсү (Ы. Монуев көчөсү менен Тилеке-Баатыр көчөсүнүн кесилишинен тартып, Г. Нурматов көчөсү менен Тилеке-Баатыр көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

-  Б. Осмонов көчөсү (Көкүм-Бий көчөсү менен Б. Осмонов көчөсүнүн кесилишинен тартып, “Олигарх” рестораны, “Нирвана” кафесине чейинки аралыгы).

- Ж. Бабараимов көчөсү (М. Артыков көчөсү менен Ж. Раимбеков көчөсүнүн кесилишинен тартып, Базар көчөсү менен Ж. Раимбеков көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

- Ж. Шамшиев көчөсү (Тилеке-Баатыр көчөсү менен Ж. Шамшиев көчөсүнүн кесилишинен тартып, А. Шакиров көчөсү менен Ж. Шамшиев көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

- А. Мамыров көчөсү (К. Датка көчөсү менен А. Мамыров көчөсүнүн кесилишинен тартып, Б. Осмонов көчөсү менен А. Мамыров көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

- А. Темур көчөсү (А. Мамыров көчөсү менен А. Темур көчөсүнүн кесилишинен тартып, Г. Айтиев көчөсү менен А. Темур көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

- Көкүм-Бий көчөсү (Б. Осмонов көчөсү менен Көкүм-Бий көчөсүнүн кесилишинен тартып, “Жаннат” ресторан, мейманканасына чейинки аралыгы).

- Н. Исанов көчөсү (Ташкент көчөсү менен Н. Исанов көчөсүнүн кесилишинен тартып, троллейбустун акыркы аялдамасына чейинки аралыгы).

- И. Раззаков көчөсү (Ж. Бабараимов көчөсү менен И. Раззаков көчөсүнүн кесилишинен тартып, У. Салиева көчөсү менен И. Раззаков көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).

- “А. Навои” атындагы сейил багы, “Токтогул” атындагы сейил багы, “Ататүрк Кемаль” атындагы сейил багы,  “Космонавттар” сейил багы, “Чынар-Терек” сейил багы, “Каникей” сейил багы, “Ак-Ниет” сейил багы, “Мээрим” сейил багы, “Жеңиш” сейил багы.

- Базар көчөсү, Шамшат көчөсү, Т. Турсунбаева көчөсү, Кулигов көчөсү (Достук өткөрмө пунктунун айланасы), Верхне-Увам көчөсү, Сай-Бою көчөсү, С. Вахапова көчөсү.

- Ош областтык клиникалык ооруканасынын аймагы.

- В. Ленин көчөсүнүн № 942 дарегиндеги “Автобекет”нин айланысы.

  •  С. Касымбеков көчөсү Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн айланасы.
  • “Ош-Сити” турак жай комплексинин айланасы.
  • А. Алижанов көчөсү (Азия гипер маркети).


№2-зона

  • У. Салиева көчөсү (И. Раззаков көчөсү менен У. Салиева көчөсүнүн кесилишинен тартып, Жийделик көчөсү менен У. Салиева көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы). 
  • Жийделик көчөсү менен У. Салиева көчөсүнүн кесилишиндеги                      М. Токсонбаев № 1 дарегиндеги “Самат” маркетине тиешелүү аралыгы.
  • Б. Нурматов көчөсү (В. Ленин көчөсү менен Б. Нурматов көчөсүнүн кесилишинен тартып, А. Масалиев көчөсү менен Б. Нурматов көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы).
  • Санк-Петербург көчөсү кичи базардын айланасы.
  • Абакир уулу Төрөбек көчөсү (Н. Исанов көчөсү менен Абакир уулу Төрөбек көчөсүнүн кесилишинен тартып, № 102 маршруттук каттамдын акыркы аялдамасына чейин аралыгы.
  • Анар кичи районунун ички кварталдары.
  • Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын С. Айни,           № 101, Имам-Ата, Целинная көчөлөрү.


№3-зона

  • И. Раззаков кең көчөсү (У. Салиева көчөсү менен И. Раззаков көчөсүнүн кесилишинен KICB банкттан тартып, поезд жүрүүчү темир жолго чейинки аралыгы).
  • У. Салиева көчөсү (Жийделик көчөсү менен У. Салиева көчөсүнүн кесилишинен тартып, С. Касымбеков көчөсү менен У. Салиева көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы). 
  • А. Осконалиев көчөсү, Ш. Руставели көчөсү, Краснофлотская көчөсү,                               Н. Байтемиров көчөсү, Урицкий көчөсү (Областык төрөт үйүнүн аймагы, областык СЭСтин айланасы).
  • Ош шаарынын аэропортунун жанындагы учак шаарчасы (авиагородок).
  • «Т. Кулатов» кичи районунун ички кварталдары.
  • Көкүм-Бий көчөсү “Жаннат” ресторан, мейманканасынан тартып, Каримов көчөсү менен Көкүм-Бий көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы.
  • Ош көчөсү. Джим көчөсү. 
  • Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары.
  • Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары.
  • Алымбек-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары.
  • Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгы Ж. Мамытов көчөсү менен В. Ленин көчөсүнүн кесилишинен тартып, Ж Мамытов мектебине чейинки аралыгы.


№ 4- зона

  • Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын ички кварталдары жана Манас-Ата МАБна админстративдик-аймактык реформанын алкагында кошулган калктуу конуштары.
  • Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары.
  • С. Касымбеков көчөсү (И. Раззаков көчөсү менен С. Касымбеков көчөсүнүн кесилишинен тартып, С. Касымбеков көчөсү Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүнө чейинки аралыгы).
  • Артыков көчөсү.


№5-зона

  • Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары.
  • Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары.
  • Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары (Сүрөттү-Таш, Ишкаван айылы, Коммунист айылы).
  • Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары.


№ 6-зона

  • Курманжан-Датка МАБнын, Манас-Ата МАБнын, Жибек-Жолу МАБнын, Алымбек-Датка МАБнын, Керме-Тоо МАБнын, Жапалак МААБнын, Кызыл-Кыштак МААБнын, Төлөйкөн МААБнын четки аты аталбаган ички көчөлөрү.


№7-зона

  • Эдельвейс участогу
  • Ош шаарынын четки адыр-тоолу аймактары.



Муниципалдык менчик 

башкармалыгынын 

башчысынын орун басары                                                  М.Н. Орозалиев


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)